• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 13 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды – Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 42 жаңы учур катталды. Анын 13ү медицина кызматкерлери. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, тастыкталган 42 жаңы учурдун 16сы эркек жана 26 аял кишилер. Алардын ичинен Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад, облусунда – 1, Нарын облусунда – 5 адам. “Алардын 13ү дарыгерлер, медайымдар жана медициналык кенже тейлөөчү персонал”, - деп баса белгиледи ал.

Кошумчалай кетсек, буга чейин дагы 19 медицина кызматкеринин COVID-19 вирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгы айтылган.

Министр белгилегендей, азыркы учурда медицина кызматкерлери ооруканаларга жаткырылган, абалдары канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 270 адамды түзсө, алардын 32си медицина кызматкерлери. Тактап айта кетсек, Бишкекте – 4, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий