• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Коррупция. Президент коомго жат болгон көрүнүш менен күрөшүүгө чакырат

Аналитика 0

Коррупция коомго мүнөздүү болгон социалдык терс көрүнүш жана жалпысынан кылмыш сыяктуу эле, анын коштолгон элементи болуп саналат. Бирок, мындай шылтоо аны менен күрөшүүнүн кереги жок деп ишенүүгө негиз бербейт. Коррупцияны укуктук маселе эмес , коомдук-саясий маселе дешет. Ошондуктан мамлекет бул көйгөйгө ар кандай деңгээлдеги чараларды колдонууга мүмкүндүк берет. Мисалы - саясий, экономикалык, укуктук, моралдык, психологиялык. Бул чаралар мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдарын кыянаттык менен калкты опузалоодон коргоп, коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт. Коррупцияны толук жоюу мүмкүн эмес дешет. Бирок кыргыз бийлиги аны жок кылганга бел байлады.

Кыргызстанда 30 жыл ичинде коррупциянын деңгээли эбегейсиз көтөрүлгөн десек болот. “Эгерде өлкөдө мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган аткаминерлер көп болсо, анда ошол өлкөнүн бийлиги чоң ууру” – деген учкай кеп айтылып келет. Анын сыңарындай, Кыргызстанда ошондой көрүнүш буга чейин орун алып келген.

Өлкөдөгү коррупцияга учурдагы бийлик коррупцияга каршы катуу күрөш жарыялагандан кийин чукул бурулуш жасалды. Паракорлор, опузалап акча алгандар, жер саткандар, бюджеттик каражатты сол чөнтөктөрүнө салган аткаминерлер камалышты. Укук коргоо органдарында форма кийип, тымызын кылмыштуулука аралашкан, ал тургай арасында ири ишканаларды коргоп жүргөндөр аныкталды.

Айрым эксперттер белгилегендей, бул күрөштүн натыйжасы оң таасирин берип, экономиканын өсүшүнө алып келди. Акыркы үч жылда Кыргызстандын бюджети үч эсеге өстү. Мындай натыйжага мамлекеттик башкаруу системасында, көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү органдарда тамыр жайган коррупциялык схемаларды жок кылуунун аркасында жетишүү мүмкүн болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө жарандарды мамлекеттик башкаруунун, экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн негиздерине доо кетирген эң коркунучтуу жана деструктивдүү көрүнүштөрдүн бирине каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды.

“Коррупция — бул биздин биргелешкен күч-аракетибизди талап кылган чакырык. Биз баарыбыз ушул коркунучка каршы турсак, коррупциясыз келечек кура алабыз деп бекем ишенем. Мамлекеттин, коомдун, бизнестин жана ар бир жарандын аракеттерин бириктирүү аркылуу биз адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана калыстык бааланган өлкөнү курууга жетишебиз. Коррупцияга каршы күрөштү жигердүү колдоо менен өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүүгө көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем. Ар бир кыргызстандык өзүнө адилеттүү мамиле жасала тургандыгына ишенген, бийлик айрым бирөөлөргө эмес, элге кызмат кылган системаны түзүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантабыз”, - дейт Садыр Жапаров кайрылуусунда.

Бүгүн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатканын коомчулук маалымат каражаттары аркылуу билип турушат. Кээде жумасына бир нече жолу салыктарды жашырганы же жасалма документ жасаганы үчүн, пара алган ишкерлердин кармалып жатканы кабарланууда. Мындай кылмыштардын изи кай бир учурларда чоң кызматта отургандардын иш бөлмөсүнөн табылган учурлар бар.

Аткаминерлердин парага кол сунуудан баш тартыруу үчүн аларды тор артына отургузуу иштери уланып жатат. Бирок, ондогон жылдар бою түзүлгөн коррупциялык схемалар жана механизмдер мамлекеттик башкаруу системасынын ар кандай баскычтарында дагы эле жашырынып отургандары бар. Алар кандай гана ыкмаларды колдонбосун президент Садыр Жапаров бул терс көрүнүштү толугу менен жок кылууга бел байлаган.

“Биз өнүккөн мамлекетти куруу үчүн мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн негиздерин чыңдоого, мыйзам алдында бардыгынын теңдигин камсыз кылууга, жарандардын ишенимине доо келтирген бардык көрүнүштөрдү жоюуга багыт алдык. Акыркы жылдары мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатуу боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, көзөмөлдү, жоопкерчиликти күчөтө турган Электрондук өкмөт системасы өнүгүп, кызматтар ортомчуларсыз көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, биз укук коргоо органдарын реформалоо, сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдөө жана коррупцияга байланышкан иштерде адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Коррупция – бул жөн гана мамлекеттик органдардын эле эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Коррупцияны жеке эле мамлекеттик бир мекеме же уюм жеңе албайт, бул күрөшкө ар бир кыргыз жараны тартылууга тийиш. Биз жаш муундарды мыйзамды урматтоого жана чынчылдык принциптерине берилгендикке тарбиялашыбыз керек”,- дейт Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти ошондой эле быйыл 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны бекиткен Жарлыкка кол койгонун эске салды. Ал коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонууга, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөдө коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин системалуу түрдө ишке ашырууга багытталган.

Бийлик коррупцияны коом үчүн таптакыр жат көрүнүш болуп калышына бардык күчүн жумшоодо. Жакында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул маселеге токтолуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып байыган аткаминерлерди узак мөөнөткө эркинен ажыратуу керектигин айткан. Келтирилген зыяндын ордун толтурса дагы көпкө отурушат деп убада кылды УКМКнын төрагасы Ошто эл өкүлдөрү менен болгон жолугушууда.

«Акыркы 32 жылда коррупция ушундай тамыр жайып кетти. Кылмыштуулук менен күрөшүп, канчалаган көйгөйлөрдү чечтик. Бирок коррупция дагы эле бар. Биз аны жок кылышыбыз керек. Андыктан ага каршы күрөш катуу болот”,-деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Ал эми Жогорку Кеңеште коррупциялык кылмыштар үчүн айып пулду толугу менен алып салууну караган мыйзам долбоору карала баштады. Уурдалган мүлктөр кайтарылган күндө да, аткаминерлер Кылмыш-жаза кодексинин айыпталган беренеси боюнча жарымынан кем эмес реалдуу мөөнөткө кесилип, абакта отурушат деп убада берди УКМКнын төрагасы.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий