• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"КР айыл аймактары жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген “Кыргыз Республикасында башкаруу системасын реформалоону ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы административдик-аймактык түзүлүшүн уюштуруу” деген принципти жана КР президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын натыйжалары боюнча өлкөнүн бардык региондорунда административдик-аймактык бирдиктерди түзүүгө жана бекитүүгө багытталган.

Алсак, бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасында ирилештирилген административдик-аймактык бирдиктерди түзүү жана алардын административдик чек араларын бекитүү каралган. Жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий