• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен Казакстандын Астана шаарына учуп кетти. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Пикир

Оставить комментарий