• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

КР делегациясы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесине катышты

Саясат 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тышкы иштер министрлер кеңешинин жетинчи жыйыны видеоконференция форматында өттү.

Айбек Молдогазиев төрагалыкты өткөрүп берип жаткан Казакстандын акыркы жылдардагы кеңешмени толук кандуу эл аралык уюмга айландырууда жетишкен ийгиликтерин жогору баалап, уюмду мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарын ишке ашырууда Азербайжанга ийгиликтерди каалады.

Тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесин глобалдык чакырыктар жана дүйнөлүк тартиптин трансформациясы шартында маанилүү платформа катары карай турганын билдирди. Ошондой эле туруктуулукту, коопсуздукту жана катышуучу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын экономикалык чөйрөдөгү “Соода жана инвестициялар” деген аталыштагы артыкчылыктуу багытында тең координаторлук ролун эске алуу менен, кеңешменин алкагында соода-экономикалык жана энергетикалык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү да айтылды.

Ошондой эле өлкөнүн климаттык күн тартиби боюнча демилгелерине, анын ичинде “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге катышуучулардын көңүлү бурулду.

Жыйындын соңунда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесине мүчө мамлекеттер 1999-жылдын сентябрь айында тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусунда кабыл алынган Принциптер декларациясынын 25 жылдыгына арналган билдирүүнү кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий