• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Марат Иманкулов коопсуздук маселелерди көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөрдүн XI эл аралык жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 26.05.23./Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 24-25-майда Россиянын Коопсуздук Кеңешинин Аппараты тарабынан уюштурулган коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөрдүн XI эл аралык жыйынына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык кырдаалдын өнүгүшүнүн негизги тенденциялары, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар боюнча суроолор; глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрү; кибермейкиндикте мамлекеттер аралык чыр-чатактарды болтурбоо үчүн негиз катары эл аралык маалыматтык коопсуздук системасын түзүү, ошондой эле баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык кызматташуу талкууланды.

Ал өз сөзүндө бүгүнкү күндө мамлекеттердин чек ара чакырыктарына жана коркунучтарына каршы турууга жалпы муктаждыгы бар экенин белгиледи. Бардык мамлекеттер өздөрүнүн ички иштерине бирөөнүн кийлигишүүсүнөн качышат, саясий, экономикалык жана башка дезинтеграция кырдаалына кабылууну каалашпайт, ошондой эле учурдагы улуттук чек аралардын кол тийбестигин камсыз кылууга умтулушат.

«Буга чындап жетишүү үчүн өз ара ишенимди мындан ары жогорулатуу, жетишилген жетишкендиктердин негизинде жамааттык жана бөлүнгүс коопсуздукту камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү зарыл. Демилгени колго алып, кырдаалды өз пайдасына чечилишине көмөктөшүү үчүн тобокелдиктерди гана эсепке албай, аларды жаңы мүмкүнчүлүктөр катары кароо да маанилүү», — деди Марат Иманкулов.

Иш-чаранын алкагында ШКУ жана КМШ форматындагы коопсуздук маселелери боюнча жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйынга чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын 100гө жакын делегациялары катышты.

Пикир

Оставить комментарий