КР финансы министри Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын техникалык жардам көрсөтүү долбоорун ишке ашыруу боюнча төрт тараптуу ниет меморандумуна кол коюлду.

Евразия өнүктүрүү банкы биржанын техникалык потенциалын модернизациялоого, иштин жаңы багыттарын өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн жакшыртылган шарттарды уюштуруу жана түзүү мүмкүнчүлүгүн ачууга көмөктөшөт, ошондой эле башка маанилүү биржадагы секторлор, мисалы, баалуу металлдар сектору, валюта жана башкалар.

Техникалык жардам долбоору төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат - Кыргызстандын биржа рынокторуна талдоо жүргүзүү жана Кыргыз фондулук биржасынын жаңы өнүгүү стратегиясын кабыл алуу үчүн биржаны өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын аныктоодо инфраструктурасын жакшыртуу үчүн автоматташтырылган соода системасына багытталат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын жаңы финансылык инструменттерине гранттык негизде рыноктук баа берүү жана бизнес-планды жаңылоо мүмкүнчүлүгү каралууда.

Жолугушуунун соңунда эки тарап жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын фондулук рыногун ийгиликтүү өнүктүрүүдө кызматташуунун келечектүү багыттарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий