• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министрлигинде кыргыз тил маселеси каралат

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2017-жылдын 28-февралындагы №39 буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Финансы министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүдөгү кыргыз тилдин абалы менен таанышып чыгуу жана жардам көрсөтүү максатында мониторинг иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Иш кагаздары менен таанышуунун жыйынтыгында маалым кат даярдалып, министр Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин катышуусунда 21-июлда саат 14:00 жолугушуу өтөт.

Жумушчу топтун берген маалыматына караганда министрликте президентинин аппараты, Өкмөтү, Жогорку Кеңешинин жана министрлик-ведомстволор менен кат алышуусунун басымдуу бөлүгү расмий тилде жүргүзүлөт. Тактап айтканда, 2016-жылы президентинин аппаратынан 559 кат келсе, анын 7 же 1%, Өкмөтүнөн 1548 кат келсе, анын 346 же 22%, Жогорку Кеңешинен 78 тапшырма келсе, анын 2 же 2%, министрликтер менен мекемелерден 17514 кат түшсө, анын 128 же 2% гана мамлекеттик тилде болгон.

Ал эми кеткен каттардын жалпы саны 14346 болсо, анын 15% же 2152 мамлекеттик тилде, калган 85% расмий тилде жөнөтүлгөн. 2017-жылдын 4 айындагы көрсөткүчтөр деле мына ушундай акыбалда.

Мамлекеттик тилде жазылган иш кагаздарынын жалпы саны 15% гана түзөт. Президентинин аппаратынан 197 кат келсе, анын 3 же 1%ы, Өкмөтүнөн 1548 кат келсе, анын 346 же 22%, Жогорку Кеңешинен 78 тапшырма келсе, анын 2 же 2%, министрликтер менен мекемелерден 17514 кат түшсө, анын 128 же 2% гана мамлекеттик тилде болгон.

2016-2017-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесинин иш планы бекитилген эмес жана коллегиянын кароосуна киргизилип каралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий