Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын делегациясы Армениянын полиция штабынын башчысы Армен Гукасян менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда Армен Гукасян эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташуусунун, ошондой эле КМШ менен ЖККУнун алкагында кызматташуусунун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып, полицияда жүргүзүлүп жаткан реформа, түзүлүп жаткан кайгуул кызматы, Ыкчам башкаруу борборун модернизациялоо жана башка программалар жөнүндө кеңен маалымат берген.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов конокторду жылуу тосуп алгандыгы үчүн Армения тарапка ыраазычылыгын билдирип, кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн айтып өткөн.
Ошондой эле Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин делегациясы Армениянын полициясынын Маалымат жана коомчулук менен байланышуу боюнча башкармалыгынын башчысы, полициянын полковниги Ашот Агаронян менен жолугушкан.
Жолугушууда жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышты бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, социалдык тармактар менен иштөө, ЖМК менен иштөөдө ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча пикир алышуу болгон.
Пикир
Оставить комментарий