• 87
  • 90.41
  • 0.84

КР ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт

Саясат 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Карабахта болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун билдирет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Эл аралык таанылган чек аралардын бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө жактап, Кыргыз Республикасы бардык маселелерди БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптерине жана нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырат", - деп айтылат тышкы саясий ведомствонун тараткан билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий