• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

"Унаа" мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралды.

Мекемеден кабарлашкандай, бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калууда.

Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.

“Унаа” мекемеси жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий