• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

КР визаларын тариздөө жол-жобосуна айрым өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын визаларын тариздөө жол-жобосундагы айрым өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, өзгөртүү инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында министрлер кабинетинин токтомуна ылайык киргизилди.

Атап айтканда, ыкчам тариф боюнча кызмат көрсөтүүнү тандап алган учурда арыз келип түшкөндөн тартып 24 саатка чейин КР электрондук визасын тариздөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилүүдө.

Кыргызстанга ишкердик, туристтик, же жеке мүнөздөгү башка максаттар менен (досторуна келүү, медициналык текшерүүдөн өтүү жана башка) келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн бир жолу/көп жолу кирүү/чыгуу менен 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Сапар визасы ("J" тиби)" жаңы категориясындагы визаны тариздөө мүмкүнчүлүгү ачылат.

Буга чейин колдонулган "ишкердик", "туристтик", "тоо туризм" категорияларындагы визалар жоюлат.

Жогорудагы жаңылыктар 2025-жылдын 22-январынан баштап "Электрондук виза" порталында жеткиликтүү болот.

Ушуга байланыштуу, министрлик Кыргызстанга сапарларды алдын ала пландаштыруу өтүнүчү менен кайрылат.

Толугураак маалымат алуу үчүн министрликтин Консулдук департаментине төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, ошондой эле тынымсыз байланыш номерлери +996 703 42 88 65 жана +996 999 312 002 анын ичинде мессенджерлер (WhatApp, Telegram) аркылуу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий