• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

КРнын cалык резиденттиги жөнүндө сертификатты кантип алууга болот – нускама

Экономика 0


Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы кош салык салуудан качуу үчүн салык резиденттигинин статусу жөнүндө сертификат алуу мүмкүндүгү тууралуу маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул документ Кыргыз стан кол койгон эл аралык келишимдердин алкагында берилет. Ал резиденттин салык статусун тастыктайт.

Сертификат алуу үчүн Салык кызматынын sti.gov.kg расмий сайтындагы "Салык келишимдери" бөлүмүнүн "Билим базасы" бөлүмчөсүндө жеткиликтүү болгон салык статусун тастыктаган арызды толтуруу керек.

Арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:

– жеке жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
– юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн: мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана салык төлөөчүнүн каттоо картасынын көчүрмөлөрү;
– чет мамлекеттердин жарандары үчүн: паспорттун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу турган жерин же туруктуу жашаган жерин ырастоочу документтери, ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек арадан өткөндүгү жөнүндө маалымкат.

Толтурулган арызды жана керектүү документтерди Салык кызматынын борбордук аппаратында жайгашкан "Кат алышуу кутусуна" калтыруу керек. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219.

Сертификат катталган учурдан тартып он жумушчу күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн санда таризделет.

Кошумча маалыматты 116 же (0312) 61-08-42 номерлери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий