• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"КТЖ" Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж куруу долбоорунун кийинки этабын баштады

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун кезектеги этабын баштады.

Ишканадан маалымдашкандай, 17-мартта Жалал-Абад шаарында ишканасынын башкы директору А.Сакиев менен "Кытай темир жолдору" мамлекеттик корпорациясынын директордун орун басары Ван Тунцзень баштаган делегациясы менен жолугушту.

Аталган сапар "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча тараптар мурда макулдашкан биргелешкен Иш-чаралар планынын алкагында өтүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө "Кытай темир жолдору" мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрүнөн турган делегация "Кыргыз темир жолу" МИнин кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусундагы темир жолдун курулушу менен жеринде таанышып, мурда иштелип чыккан "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесине кошумча маалыматтарды чогултуу максатында долбоорлонгон жана иштеп жаткан темир жол линиясын бойлото көчмө иш-чараларды өткөрүштү.

Кытай делегациясынын курамына ар түрдүү багыттар боюнча адистердин кеңири спектри кирди, алардын изилдөө иштери ТЭН тереңдетүүгө жана оптималдаштырууга багытталган. Делегация өкүлдөрү тарабынан темир жолдун курулушунун жана андан кийинки эксплуатациялоонун техникалык шарттары иликтенди.

Алдын ала биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды жана долбоордук документтерди иштеп чыгуунун алкагында андан аркы иштер үчүн конкреттүү иш-чаралар иштелип чыкты.

Андан ары "Кытай темир жолдору" мамлекеттик корпорациясынын делегациясынын иш сапарынын алкагында Бишкек шаарында бир катар жолугушууларды жана кеңешмелерди өткөрүү, ошондой эле Нарын облусунун аймагындагы темир жол курулуучу жерлерге баруу пландаштырылууда.

Маалымат үчүн: "Кытай темир жолдору" мамлекеттик корпорациясы 2019-жылы Кытайдын мурдагы темир жол министрлигин реформалоонун жүрүшүндө түзүлгөн. Негизги иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: темир жолду пландаштыруу жана куруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жана диверсификацияланган операциялар. Компаниянын уставдык капиталы 1739,5 млрд юанды түзөт. Жумушчулардын жалпы саны 2 миллиондон ашат.

Пикир

Оставить комментарий