• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкектеги №33 мектепте бомба изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бишкекте №33 мектеп-гимназиясынын имаратында бомба изделүүдө.

“Кабар” агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, мектеп имаратында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына бүгүн саат 12:19да түшкөн.

Жерине кечиктирилбестен Свердлов райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобу барып, мектептин аймагы курчоого алынган.

Мектеп окуучулары жана мугалимдер эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин кинологдору иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий