• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кулубаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу кечээ, 24-августта орун алып, Кулубаевдин Германияга сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы мезгилде Кыргызстан менен Германиянын ортосунда активдүү экономикалык кызматташтык түзүлүп, анын натыйжасында өлкөлөрдүн соода көлөмү, ошондой эле Германиядан Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү олуттуу өскөндүгүн белгилешти.

2023-жылдын 22-23-июнунда Германия президентинин сапарынын алкагында Германиянын экономикалык делегациясынын Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы, анын ичинде Кыргызстандын жетекчилигинин катышуусу менен 2023-жылы экономикалык иш-чараларды өткөрүү талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев Германиянын экономикалык бирикмесинин жетекчисине эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн текстиль өнөр жайы, тоо-кен, гидроэнергетика, туризм жана Кыргызстандын экономикасына жаңы герман технологияларын өлкөнүн түрдүү тармактарына киргизүү боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү сунуштады.

Маалымат үчүн: Германия экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын ири экономикалык бирикмеси болуп саналат, ал Германиядагы 350дөн ашык орто жана ири бизнес компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана дүйнөнүн 29 өлкөсү, анын ичинде КМШ жана Борбордук Азия мамлекеттер менен кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий