• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кулубаев Индиянын элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттерджини анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, Кулубаев Чаттерджиге жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-индия мамилелерин жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баса белгиледи.

Соода-экономикалык кызматташууга токтолуп, министр 2023-жылы товар алмашуунун көлөмү 96 млн АКШ долларына жеткенин белгилеп, мындан ары да динамикалуу өсөрүнө ишеним билдирди.

Арун Кумар Чаттержи өз кезегинде, ага көрсөтүлгөн жардам жана анын бардык демилгелерин колдогондугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Индиянын элчиси Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде визиттердин интенсивдүү алмашуусун, кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын, Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды жана башка биргелешкен иш-чаралар ал иштеген мезгил аралыгында орун алганын белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасынын социалдык колдоого багытталган тез таасир берүүчү гранттык долбоорлор боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму ишке ашырыла баштаганын жогору баалашты.

Маанилүү багыттардын бири индиялык тарап аркылуу Кыргызстандын Улуттук онкология жана гематология борборундагы «Бабатрон-2» нур терапиясы аппаратын техникалык жактан тейлөөсү болуп саналат.

Билим берүү тармагында Индия тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ITEC программасын ийгиликтүү ишке ашырууда.

Тараптар ошондой эле Кыргызстанда 16 миңден ашык индиялык студенттердин билим алуусунун улантылышынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев элчи Арун Кумар Чаттерджиге жаңы дипломатиялык кызматындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу жылуу эскерүүлөр болот деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий