• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан Венгрия менен мамилелерди чыңдоого кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин IV жыйыны өтүүдө. Анда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө расмий сапар менен келген венгриялык кесиптеши Петер Сийяртого кубанычта экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал анын стратегиялык өнөктөштүктү арттырууга кошуп жаткан салымын жогору бааланарын айтты.

“Сиздин бүгүнкү иш сапарыңыз жана бул жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана тереңдетүүгө жаңы кадам болот деп ишенем. Жыл сайын өтө турган Стратегиялык кеңештин алкагындагы биздин үзгүлтүксүз жолугушууларыбыз жана саясий диалогубуз өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Тыгыз кызматташууну жана координациялоону талап кылган азыркы саясий кырдаалда биз венгер тарап менен мамилелерди чыңдоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кызыкдарбыз. Сиз менен Кыргызстанга расмий сапарыңыздын алкагында жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын жана Кыргызстан сиздин экинчи үйүңүз экенин айткым келет”, - деди Кулубаев.

Пикир

Оставить комментарий