• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кулубаев сербиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды

Экономика 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сербиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды. Мындай сунушун ал Сербиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачич менен болгон жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

“Биз серб тарапка өз күч-аракетин кыргыз-серб бизнесинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурууну сунуштадык. Ошондой эле бизнес-кеңештерди уюштуруу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу айтылды. Мындан тышкары, Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатты эске алуу менен сербиялык ишкерлерди биздин республикага инвестиция салууга чакырдык”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий