• 87
  • 89.63
  • 0.85

Курултайдын делегаттары “Кумтөр” ишканасынын дөңгөлөктү кайра иштетүүчү заводуна барышты

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. III Элдик курултайдын делегаттары “Кумтөр Голд Компанинин” Токмоктогу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун иши менен таанышты.

Ишканадан маалымдашкандай, Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын август айында тесттик режимде ишке киргизилген.

Заводдун директору Александр Сметаниндин айтымында, бул долбоор өлкө жетекчилигинин түздөн-түз колдоосу менен ишке ашырылган.

“Учурда заводдун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү жана дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү 2 цехине заманбап технологиялык жабдууларды орнотуу иштери аяктады. Жакында завод эки нөөмөттө иштөөгө өтөт, келечекте үчүнчү нөөмөттү да ишке киргизүүнү пландап жатабыз жана завод күнү-түнү иштей баштайт. Ал эми кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калган эски дөңгөлөктөрдөн ар түрдүү фракциядагы резина күкүмдөрүн жана жогорку легирленген болот чыгарылат. Компаниянын продукциясын текстиль өндүрүшүндө жана металл иштетүүдө колдонууга болот. Биздин республикада эле эмес, бүткүл Борбордук Азияда теңдеши жок бул уникалдуу заводдун келечеги абдан жакшы”, – деди ал.

Өз кезегинде Элдик курултайдын делегаттары эски автоунаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү жана утилизациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

“Кыргызстанда өндүрүш кайра жанданып, жаңы жумушчу орундары түзүлүп жатканы абдан кубандырат. Бул завод дагы купулубузга толду. Өндүрүштү өз көзүбүз менен көрүп, жакшы таасирде калдык. Өлкө жетекчилигине, “Кумтөр” ишканасынын башчыларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – дейт Чүй облусунун Арашан айылынан шайланган делегаттардын бири Көлбай Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий