• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыдан иштелип чыгат. Жумушчу топ түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңыдан иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Анын алкагында директордун орун басары Талант Иманакун уулу Куруучулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев, Сейсмотуруштуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынан Улугбек Бегалиев жана бул тармактагы башка адистер менен биргеликте жыйын өткөрүштү.

Анда курулуштун сапаты, колдонулган материалдар жөнүндө жана жарандардын буга байланыштуу коопсуздугу тууралуу талкуу жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий