• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кут конушунда көчөлөр жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кут конушунда көчөлөр жарыктандырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжарык" ишканасынын кызматкерлери Кут конушунун көчөлөрүнө ар биринин кубаттуулугу 50 Вт болгон 198 жарык чырактарын орнотту.

Ошондой эле туруктуу электр менен камсыздоо үчүн 6800 метр өзүн-өзү колдогон физоляцияланган зым (СИП) да тартылган.

Жергиликтүү тургундар Бишкек шаарынын мэриясына аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий