• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Кыймылсыз мүлк алууда алданып калбаш үчүн Мамкурулуштан маалымат алуу зарыл

Коом 0


Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Кыймылсыз мүлк алууда алданып калбаш үчүн Мамкурулуштан маалымат алуу зарыл. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Акыркы учурда, жарандар кыймылсыз мүлк жана батирлерди сатып алууда анын мыйзамдуулугуна көңүл бурбастан, келишим түзүп сатып алышып, жыйынтыгында тиешелүү документтери жок мыйзамсыз курулуштарга алданган фактылары көп катталууда.

Алдануу фактыларын жокко чыгаруу жана жарандарды колдоо максатында, Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин “Санариптик трансформациялоо, маалыматтык камсыздоо жана коштоо бөлүмү” жаңы түзүлүп, арыз менен кайрылган жарандарга акысыз кызмат көрсөтүп ишмердүүлүгүн алып барууда.

Жаңы салынып жаткан үйлөрдөн батир сатып алууну пландап жаткан ар бир жаран, конкреттүү курулуп жаткан же жаңы курулуп бүткөн курулуш объектилери боюнча, жогоруда айтылган Мамкурулуштун түзүмүнө кайрылып, мыйзамдуулугу боюнча толук жана так маалымат алса болот.

Дареги:

Бишкек шаары, Манас пр., 28, Мамкурулуштун “Бирдиктүү терезеси”

Электрондук кызмат көрсөтүулөрдүн порталына шилтеме – www.gosexpertiza.gov.kg сайты жана Whatsapp: +996555 312 650 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, кыймылсыз мүлк жана батирлер боюнча маалымат алуу үчүн, акыркы 5 айдын ичинде 445 кайрылуу түшкөн, анын 125и жазуу түрүндө, 320сы оозеки.

"Республика боюнча курулуштардын мыйзамдуулугу Мамкурулуштун сайтында катталаган. Ар бир курулуш объекттердин курулушу боюнча маалыматты QR-коду аркылуу тактаса болот",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий