• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу болуп саналат.

Алсак, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык:
– тергөөчүгө алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүү, алгачкы текшерүү органына аталган Кодекстин
153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында сурак жүргүзүү укуктары берилди;
– эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий