• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргыз-египет кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Египеттин Кыргызстандагы элчиси Манал Эльсайед Ехия Эльшиннави менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-египет кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн, БУУ, ИКУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында өз аракеттенүүсүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды түзүү, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү аркылуу кыргыз-египет мамилелерин тереңдетүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий