• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Будапешт шаарына иш сапар менен барды

Саясат 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. 27-28 август күндөрү Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов Будапешт шаарына иш сапар менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында Жусупов Венгриянын тышкы иштер министрлигинде бир катар жолугушууларды өткөргөн.

"Жусупов министрликтин жана бир катар департаменттердин башчылары менен жолугушуп, жолугушуулар учурунда кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланган. Саясий диалогдун перспективдүү жана активдүү уланышына, соода-экономикалык кызматташтыкка, ошону менен бирге эки өлкөнүн келишимдик базасынын кеңейтилишине өзгөчө басым жасалды", - деп билдиришти министрликтен.

Андан тышкары, Будапешт шаарынын мэриясында келечектеги кызматташуу боюнча - Гедеон Рихтер компаниясы менен өлкөбүздү медициналык дары-дармектер менен камсыз кылуу, Wizz Air компаниясы менен Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, Zeolit Hungary менен Кыргызстандагы калдык сактоочу жайлардагы маселелерди чечүүдө биргелешип кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий