• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пункту убактылуу иштебейт

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол – унаа жолу” өткөрүү пунктунда саат 15:00дөн 18:00гө чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, өткөрүү пунктунун иши Тышкы миграцияны эсепке алуунун биркдитүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу токтотулат.

“Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде төмөнкү өткөрүү пункттары жайгашкан: Чүй облунда – “Токмок-унаа жолу”, “Кең-Булуң-унаа жолу”, “Ак-Тилек-унаа жолу”, “Чалдыбар-унаа жолу”; в Талас облусунда– “Чоң-Капка-унаа жолу”.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинен өтүүдө каттамды алдын ала тандап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий