• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакудагы эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик дарамети тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кыргызстан Азербайжандын “Туризм жана саякат” - AITF 2023" 19-эл аралык эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Көргөзмө Баку шаарындагы "Экспо борборунда" 4-апрелде башталып, 6-апрелге чейин уланат.

Көргөзмөгө Кыргызстандын атынан Ысык-Көл облусунун курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин өкүлдөрү катышууда. Алар иш-чаранын катышуучуларына төмөнкү багыттар боюнча маалымат берүүдө.

  • Чыгуу туризми (Outbound tourism);
  • Жергиликтүү туризм(Domestic tourism);
  • Кирүү туризми (Inbound tourism).

Мындан тышкары, AITF-2023 көргөзмөсүндө медициналык жана ден соолукту чыңдоо туризми, круиздик индустрия, авиакомпаниялар, улуттук жана аймактык туризм органдары, министрликтер, туристтик агенттиктер, туроператорлор ж.б. сыяктуу бир катар секторлор көрсөтүлөт.

Аталган көргөзмөгө кыргыз тараптын катышуусу туризм чөйрөсүндө кызматташуу үчүн жаңы багыттарды ачууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий