• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргыз-казак элинин достугуна бүлүк салууга эч кимдин акысы жок

Коом 0

Интернет айдыңында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевдин казакстандык AIRAN ютуб каналына берген маегинде Кененсары менен Ормон хандын салгылашы үчүн кечирим сураганы кызуу талкууга алынып, түрдүү пикирлерди жаратты. Анда социалдык тармактын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү хандардын окуясы ташка тамга баскандай белгилүү экенин, кылымдар мурда орун алган эски окуяны жаңыртып, кечирим сураганын туура эмес деп сыпатташкан. Ал эми маданият кызматкери Примбердиев AIRAN ютуб каналы анын маегин толук чыгарбаганын, сөз башкача болгонун айтты.

Бул окуя боюнча маданият министринин орун басары Марат Тагаев үн катып, бул жерде биз, кыргыз эли кечирим сурап, өзүбүздү күнөөлүү сезишибиз керек дегендей пикир жаралгандыгын билдирди. 2000-жылдарга чейин мектепте окуган жаштар Ормон хандын эрдиктери менен сыймыктанып, согуштук тактикасы анын эң чоң жетишкендиктеринин бири болгонун жакшы билишерин белгилеген.

"Өлкөбүздү, кыргыз тарыхын, адабиятын, келечегин жана өтмүшүбүздү өзүбүздүн, Кыргызстандын көзү менен караганды үйрөнсөк жакшы болмок. Биз бирдиктүү позицияны карманышыбыз керек. Ооба, Кыргызстан менен Казакстан бир тууган боордош өлкөлөр. Кезинде алардын арасында албетте тарыхый учурлар, суроолор болгон. Эмгек сиңирген артист Кайрат Примбердиев айрым казак блогерлеринин пропагандасына алдырып, Ормон хан туура эмес кылганын айтып, кечирим сурады. Элестетсеңер, биздин эмгек сиңирген артист",-деген ал.

Ошондой эле ал бул баатырлар тууралуу ондогон тарыхый жана документалдык тасмалар тартылганын, ошол тасмалардан кесилген үзүндүлөрдү көрүп алып эле туура эмес пикир айтылып жатканын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө интернетте ошол тасмалардын үзүндүлөр байма-бай көрсөтүлүп келет. Мына ошолорду көргөн жаш муундар, анын ичинде Кайрат Примбердиев дагы Казакстандын пропагандасына алдырып, кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү негизги фигуралардын бири болгон, кыргыз жерин коргогон Ормон хандын баатырдыгына, жерин коргоп, мамлекеттүүлүктү түптөөгө салым кошкон баатырдыгы үчүн уялгандай көз караш калыптанып бара жатат сыпатталыптыр. Бул жерде биз, кыргыз эли кечирим сурап, өзүбүздү күнөөлүү сезишибиз керек дегендей пикир жаралган. 2000-жылдарга чейин мектепте окуган жаштар Ормон хандын эрдиктери менен сыймыктанып, согуштук тактикасы анын эң чоң жетишкендиктеринин бири болгонун жакшы билишет", - деди министрдин орун басары.

Ал эми бул окуя тууралуу Кайрат Примбердиев төмөнкүдөй түшүндүрмө берип, социалдык тармактарда көпчүлүк аны эмнеге жалпы кыргыз элинин атынан кечирим сурайт деп күнөөлөп жатканын айткан.

"Маек кескиленип чыгарылыптыр. Мен 1 сааттык маек бергем. Бирок берүүнүн форматы ошондой окшойт, мен кечирим сураган жерин гана калтырышыптыр. Жалпы маекти уга келгенде мааниси түшүнүктүү болмок. Алардан видеонун толук версиясын мага жөнөткүлө дедим. Себеби, мекендештерибизде бир аз түшүнбөстүк болуп жатат. Сиздердин ачууланып, жинденип жатканыңыздарды түшүнүп турам. Намыска тийген да учурлар болуп жатат. Менин максатым бири-бирибизден кечирим сурашып, миң жылдык кошуна болуп жашап өтсөк деген мааниде айтылган сөз эле", - деди маданияттын өкүлү.

Ормон хан менен Кененсарынын салгылашы, казак кыргыз элинин жакындыгы жана маданият өкүлүнүн кечирим суроосу боюнча тарыхчы Кыяс Молдокасымов тарыхты билбегендик өкүнүчтүү жагдайларды жаратарын айтты.

"Ормон хан 1842-жылы хандык мамлекетүүлүктү түзүүгө аракет кылат. Ормон хандын мамлекеттүүлүктү түзүү аракетинин башкы жеңиши Кыргызстанга жасалган Кененсарынын агрессиясынын мизин кайтаруу жана кыргыздардын башын бириктирүү эрдиги болду. Ал мезгилдер Кыргызстан үчүн тарыхтагы трагедиялуу мезгил. Анткени коңшу казак элинин ханы Кененсары кыргыздын жергесине баскынчылык чабуулу менен бир эмес, эки жолу бастырып кирген. Карапайым элдин, ошол мезгилдеги кыргыздын белгилүү инсандарынын, керек болсо канайым баш болгон солто уурусунун элдеринин сөөгүн каздыртып ар тарапка кордогон. Айрым маалыматтарга караганда, боюнда бар келиндердин ичин жарып, ичиндеги баласын керегеге илдирген маалыматтар бар. Ошондой баскынчылык аракеттерге кыргыздар биригип жооп кайтарган. Кененсарыны, Ноорузбайды экөөнү тең жеңип, туткундап жазалаган.

Кыргыздар дайыма өз жерине бастырып, баскынчылык аракет менен киргендерге мизин кайтарып, өз мекенин коргогон деп түшүнсөк болот. Тарыхта мындай окуялар болуп келген. Ал окуяларды биз жөн гана окуя катары эскеришибиз керек.

Өткөн жылы Астанадагы Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик катчылары катышкан чоң бир жыйында тарыхчы катары бул боюнча өз сунушумду айттым эле. Тарыхтагы орун алган өкүнүчтүү мезгилдерди бүгүнкү күнү кайра кайталап, сабатсыз, маңкуртка айланып бараткан жаштардын айынан эки элди бири-бирине жек көрүү сезимин курчутпайлы, ушул маселеге көңүл буралы дегем. Ошон үчүн тарыхты билбеген маңкурттар, тарыхты тескери кабыл алган жаштарбы, жарандарбы, жылдыздарбы, маданият ишмерлериби, окумуштууларбы айтор мындайлар эки элде тең бар. Ошолордун өткөн тарыхты билбегендигинен ушундай терс кесепеттер келип чыгууда. Тарыхты билбегендик өкүнүчтүү жагдайларды жаратат.

Белгилеп айта кетүүчү жагдай, кыргыз менен казак эли дайыма эле урушуп, талашып жашаган эмес. Тарыхка кайрылсак, ынтымакташкан, бир тууган эл экендигин сездирип сырттан келген душмандарга биргеликте жооп берип келген жылдыздуу учурлар да көп. Бир элдин башына оор күн түшкөндө экинчи эл колун созуп, оорчулугун көтөрүүгө аракет кылган. Андыктан биз жалаң тарыхтагы өксүк мезгилди, эки элди чабыштыра турган согуштарды эмес, тарыхтагы бири-бирине жардам берген жылуу мамилелерди көбүрөөк айтып үлгү кылышыбыз керек.

Мисалы, 30-жылдардагы ачарчылык мезгилде башын баталага салып коюп Жусуп Абрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу кыргыздын жетекчилери казак боордошторду, миллиондогон казак элин ачарчылыктан сактап калган учурларды казак эли, өткөн муундун өкүлдөрү жакшы билет. Ошол эле Жамбыл менен Токтогулдун мамилеси, Токтогул Сибирден келе жатканда боордош казак элинин кабыл алганы сыяктуу жакшы учурларды элге жеткирип, элдин эсине салып туруубуз керек", - деди тарыхчы.

Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев эки элдин ортосуна бүлүк салган чагымчыл блогерлерди жоопкерчиликке тартыш керек деп эсептейт.

«Казакстандык AIRAN деп аталган ютуб каналы оппозициялык маанайдагы, эки элдин ортосуна бүлүк сала турган макалаларды жарыялайт экен. Ал баракчага кирип көрсөм “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандагы демократияга ким тоскоолдук кылды?” деген бир сааттык видео тасма жарыяланыптыр. Бул тасма кыргыз-казак элинин ортосуна бүлүк салууга багытталгандай. Себеби аталган ютуб каналды карап отурсаң, Кыргызстан тууралуу терс пикир пайда кыла турган материалдар да бар экен. Биздин компетенттүү органдар, ошол эле Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча, “улуттар аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде казакстандык ютуб каналга чара көрүүнү талап кылса болот”, - деди ал.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий