• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Кыргыз почтасы" быйылкы жылдын "мыкты жумуш берүүчүсү" деп табылды

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" ААК быйылкы жылдын "мыкты жумуш берүүчүсү" деп табылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Эл аралык майыптар күнүнө карата Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган “Майыптарды инклюзивдик ишке орноштуруу" форуму өттү. Иш-чаранын максаты коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо жана эмгек жамаатына аралаштыруу маселелерине буруу болгон.

Форумдун алкагында "Кыргыз почтасы" ААКка "Мыкты жумуш берүүчү - 2024" ардактуу наамы ыйгарылды жана компания майыптыгы бар жарандарды иш менен камсыз кылып, алардын жашоосуна жагымдуу шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

Белгилей кетсек, "Кыргыз почтасында" 3000ден ашуун адам иштейт. Алардын негизги бөлүгүн аялдар түзүп, жамаатта майыптыгы бар 100дөн ашуун кызматкерлер да эмгектенишет.

Пикир

Оставить комментарий