• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек Уфа кызматташуусу өнүгөт

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Бишкек менен Уфанын кызматташуусун арттыруу боюнча протоколго кол коюлду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган документ эки шаардын ортосундагы соода-экономикалык , илимий –техникалык багыт боюнча, маданият, билим берүү, спорт жана жаштар саясаты тармагында жогорку деңгээлде кызматташууга шарт түзөт.

Документке Уфа шаарынын администрация башчысы Ирек Ялалов жана учурда Уфа шаарында жумушчу сапары менен жүргөн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Мүзүралиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий