Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунун кызматкерлери бийликти күч менен басып алууну пландоого шектелип кармалгандардан кабар алышты.
Ведомстводон билдиргендей, алар КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) кармалып турушат.
“Маектешүүнүн жүрушүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана ырайымсыз мамилелерге даттануулар түшкөн эмес”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий