• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жогорку Кеңештин жыйынында Жер кодексинин долбоору I окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында КР Жер кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев тааныштырды.

Бул мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери таризделген жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттарды менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган.

Ошондой эле мыйзам долбоору жер участоктору бекитилип берилген имарат жана курулуш менен болгон жарандык-укуктук бүтүмдөрдөн келип чыккан чет өлкөлүк жактардын укуктарын жөнгө салууну камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий