• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Шакиев казакстандык кесиптеши менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн КМШ ПААнын кезектеги жыйындарынын алкагында Бишкекте өттү.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаевге Казакстандын Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты.

“Шахтадагы жарылуудан улам көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”, – деди ал.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Шакиев боордош эки элдин кызматташтыгын чыңдоодо парламенттердин ролу жогору экенин белгиледи.

“Эзелтен эриш-аркак жашаган кыргыз менен казактын калыптанган байланышын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз. Анын ичинен парламенттик дипломатия кыргыз-казак мамилелерин чыңдоонун эффективдүү механизми болуп саналат. Биз стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтө турган иш-аракеттерге мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүбүз зарыл”, - деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да сөз болуп, билим берүү жаатындагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканы белгиленди.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев КМШнын жыйындары, Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына жана улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган мааракелик конференциялар ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи.

Муну менен катар Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин айтып, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду.

“Акыркы жылдары байма-бай жолугушуп, эки тараптуу иш сапарлар жигердүү уюштурулууда. Андыктан, калыптанган байланышты өнүктүрүп, тармактык комитеттердин жана Аппараттардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтишибиз керек”, ‐ деди Маулен Ашимбаев.

Пикир

Оставить комментарий