• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

«Кыргыз Темир жолу» 3 локомотив жана 150 жүк ташуучу вагон сатып алууну пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы паркын олуттуу өзгөртүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында «Кыргыз Темир жолу» ишканасынын башкы диекторунун орун басары Руслан Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчү ташуучу вагондорду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө шаардын чет-жакаларына каттаган 12 вагон оңдолду. Пандемияга байланыштуу поезддер Бишкек – Кайыңды, Бишкек – Токмок, Бишкек – Балыкчы маршруту боюнча гана каттап жатат. Акыркысы жумасына 3 жолу каттап жаткан, бирок 15-июлдан тартып күн сайын каттоодо.

«Ошондой эле локомотивдерге жана жүк ташуучу вагондорго дагы оңдоо иштери жүргүзүлөт. 3 локомотив жана дээрлик 150 вагон сатып алууну пландап жатабыз», - деди ал.

Ал белгилегендей, 6 айда 12 миң 163 шпалдар төшөдү. Бул багыттагы иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий