• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз темир жолу: 371 вагон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын вагон чарба филиалы 8 ай ичинде 371 вагонду оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.

Ишканадан билдиришкендей, анын ичинен 341 жүк жана 30 жүргүнчү ташуучу вагон. Мындан тышкары, 286 вагон күнүмдүк оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

"Оңдоп-түзөө иштеринде вагондордун техникалык мүнөздөмөлөрү калыбына келтирилип, кемчиликтер четтетилип, алардын иштөө мөөнөтүн узартууга жана ташуу коопсуздугун жогорулатууга багытталган иштер аткарылды.

Белгиленгендей, бул иштер вагон паркынын техникалык абалын жакшыртуунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий