• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз туроператорлору Париждеги эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. 17-19-сентябрда Париж шаарында дүйнөлүк туристтик рыноктун алдыңкы катышуучулары өз продукцияларын жана кызматтарын сунуштаган жыл сайын өтүүчү «France IFTM-2024» эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул абройлуу иш-чарага Кыргызстандан келген делегация катышууда, анын курамында туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсынын өкүлдөрү бар.

Белгиленгенедей, Кыргызстандын мындай маанилүү эл аралык көргөзмөгө катышуусу «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсынын активдүү колдоосу жана Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жардамы менен мүмкүн болду.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштурду. Айрыкча кыргыз жана француз туроператорлорунун ортосундагы өнөктөштүктү түзүү максатында В2В форматындагы жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Көргөзмөнүн биринчи күнүндө француз туристтик компанияларынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда Кыргызстанга чоң кызыгуу көрсөтүлдү жана алар өлкөгө келип, кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташууну орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий