• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттерден жүк ташуучу унаалардын тез өтүшүн камсыздоо талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттерден жүк ташуучу унаалардын тез өтүшүн камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде Транспорт министрлигинин, Бажы жана Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган делегация өзбекстандык кесиптештери менен жолукту.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” жана “Дустлик” бекеттеринен эффективдүү иштеши, тагыраагы оор жүк ташуучу унаалардын тез өтүшүн камсыз кылуу боюнча маселелер көтөрүлүп, мындан аркы жасала турчу кадамдар талкууланды.

Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий