• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу – унаажол” бекети кайрадан ишке кирди

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун кайрадан ишке киргизүү аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун кайрадан ишке киргизилиши – бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чечкиндүү саясий кадамдарынын негизинде аткарылганын айтып, мындан ары эки мамлекеттин жарандары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөөрүнө ишенимин билдирди.

“Буга чейин көп убакыт кезекте туруп “Достук-унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүп келген Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын бир бөлүгүнө “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүүгө шарт түзүлөт. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – бул эл аралык өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу жана жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Биздин көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачып жаткан бүгүнкү аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, социалдык, маданий байланыштарды тереңдетүүгө жана туристтик агымдарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту мындан 14 жыл мурда өз ишмердигин убактылуу токтоткон болуучу. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий