Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААКтын кызматкерлери ишембиликке Кара-Балта тоо-кен комбинатында ишембилик өткөрүштү.
Ишканадан билдиришкендей, ишембиликтин алкагында кызматкерлер 400дөн ашык каражыгачтын көчөттөрүн отургузушту.
Белгилей кетсек, "Кыргызалтын" ААК айлана-чөйрөнү коргоо саясатын жана өндүрүштө адам менен жаратылыштын тең салмактуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу натыйжалуу технологияларды карманат.
"Ишкана мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп, анын кызматкерлери шаардык жана республикалык ишембиликтерге активдүү катышат", - деп айтылат маалыматта
Эскерте кетсек, жашылдандыруу иш-чарасы "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.
Пикир
Оставить комментарий