• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМдин “команда башчылары” окуудан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “команда башчылары” окуудан өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча 2019-жылдын календардык планын негизинде Бишкек, Ош шаары жана Чүй, Ош облусу боюнча башкармалыктарынын “Команда башчы” категориясындагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуу өткөрүлүүдө.

"Окуунун жүрүшүндө өрттөн адамдарды жана өзүн-өзү куткаруу көнүгүүлөрү окуу мунарасында орун алып, өрт өчүрүү үчүн күжүрмөн эсеп бөлүгүн жайылтуу жана кыска убакыт аралыгында атайын кийимин кийүү практика жүзүндө көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий