• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстан келерки жылдан баштап экспорттолуучу өндүрүштү эгүүгө басым жасайт

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргызстан 2019-жылдан тарта экспортко багытталган өндүрүштү эгүүгө басым жасай баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы чет өлкөдө популярдуу болгон товарлардын экспорту башталат.

"Экспортко багытталган азык-түлүктөргө алма, өрүк, малина, кулпунай, сабиз, пияз жана Аксы районунун кара өрүгү кирет. Кыргызстандын алчасы Кытайга активдүү түрдө экспорттоло баштады. Кытай тарап менен Оштун 14 чарбасы макулдашууга кол коюшту. Келерки жылдан тарта Кытайга жеткирүү башталат. Фасоль тууралуу айтпай деле койсок болот, себеби ал биздин брендибиз болуп саналат", - деди Ж.Керималиев.

Пикир

Оставить комментарий