• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Үшүк жүрөт! 3-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. 3-апрелде өлкө аймагында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

"Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 30-март күнү ӨКМ тарабынан телефонограммалар чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ӨКМге караштуу ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий