Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. 2021-жылы январь-февраль айлары үчүн мамлекеттик карызды төлөөгө (тышкы + ички) Кыргызстандын республикалык бюджетинен 5 млрд 457,8 млн сом каражат багытталды.
Экономика жана финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинен:
- Мамлекеттик тышкы карызга – 3 млрд 049,4 млн сом;
- Мамлекеттик ички карызга – 2 млрд 408,4 млн сом багытталды.
2021-жылы 31-январга карата мамлекеттик карыздын көлөмү (ички + тышкы) 4 млрд 954,11 млн АКШ долларын (420 108,67 млн сом) түздү.
Анын ичинен:
- 85,2%ы мамлекеттик тышкы карыз: 4 221,61 млн АКШ доллары (357 992,44 млн сом);
- 14,8%ы мамлекеттик ички карыз: 732,50 млн АКШ доллары (62 116,23 млн сом).
Пикир
Оставить комментарий