• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстан 2030-жылга чейин экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактоону пландаштырууда - Экономика министри

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Кыргызстан экономикалык өсүштүн азыркы темпин узак мөөнөткө, тактап айтканда 2030-жылга чейин сактоону пландаштырууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Амангелдиев билдиргендей, эл аралык ири каржы уюмдары да Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү боюнча оң прогноздорду берүүдө.

"Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жакынкы жылдары ИДПнын өсүшү 8,7%га чейин жетиши мүмкүн. Дүйнөлүк банк 5,5% деңгээлинде өсүштү болжолдоодо, ал эми эл аралык Валюта фонду 5% өсүш мүмкүндүгүн божомолдойт", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий