Кыргызстан "ЭКСПО-2025 Осака, Кансай" эл аралык көргөзмөсүнө катышат

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кыргызстан "ЭКСПО 2025 Осака, Кансай" эл аралык көргөзмөсүнө катышуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 25-27-июнь күндөрү Япониянын Нара шаарында Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары — "ЭКСПО-2025 Осака, Кансай" эл аралык көргөзмөдөгү генералдык комиссары Жалын Жээналиев жетектеген кыргыз делегациясы аталган иш-чарага даярдык көрүүгө арналган "ЭКСПО-2025" дүйнөлүк көргөзмөсүнүн эл аралык катышуучуларынын жыйынына катышты.

Жолугушуунун негизги максаты "ЭКСПО-2025 Осака, Кансай" көргөзмөсүнө катышууну тастыктаган чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана эл аралык уюмдарга павильондордо көргөзмөлөрдү уюштуруу тууралуу ар түрдүү маалыматтарды берүү болду.

Иш-чарада көргөзмөнүн түрүнө жараша секциялык отурумдар өткөрүлүп, аны уюштуруу аспектилери, анын ичинде улуттук павильондорду даярдоо жана катышуучу өлкөлөрдүн павильондорун башкаруу, көргөзмөнү даярдоо, улуттук күндөрдү уюштуруу, иш-чараларды пландаштыруу, "ЭКСПО-2025" көргөзмөсүнүн концепциясынын алкагында катышуучу өлкөлөрдөн күтүлгөн натыйжалар жана башка маселелер талкууланды.

Анын алкагында кыргыз тарап үчүн негизги жана маанилүү окуя катары Кыргызстандын "ЭКСПО 2025 Осака, Кансай" эл аралык көргөзмөсүнө катышуусу боюнча Япониянын 2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПОну даярдоо ассоциациясы менен келишимге кол коюлду.

Ошондой эле кыргыз делегация мүчөлөрүнүн Япониянын 2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПОну даярдоо ассоциациясынын жана "ЭКСПО-2025" көргөзмөсү үчүн жооптуу болгон Япониянын мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен кыскача жумушчу жолугушуулары өттү.

Ошондой эле кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн 2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнү даярдоо боюнча япон ассоциациясынын, "ЭКСПО-2025" боюнча Япониянын жооптуу мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулары өттү. Анда Кыргызстандын павильонун куруу жана даярдоо маселелери, көргөзмөнү уюштурууга байланыштуу пландар жана милдеттер, "ЭКСПО-2025" учурунда Улуттук павильондо көргөзмөгө коюу үчүн пландаштырылган товарларды жана продукцияларды жеткирүү, павильон башкармалыгы жана башкалар талкууланып, кыргыз тараптын эл аралык көргөзмөгө ийгиликтүү катышуусу үчүн маанилүү болгон тиешелүү практикалык сунуштар алынды.

Пикир

Оставить комментарий