Кыргызстан этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо окууга 75 квота бөлдү

Билим 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Кыргызстан 2024-2025-окуу жылына карата Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларда билим алуу үчүн 75 квота бөлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, сынактык тандоого катышуу үчүн абитуриенттер онлайн системага катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандын ЖОЖдоруна 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.

Форманы толугу менен 2024-жылдын 17-августуна чейин толтуруу зарыл.

Белгиленгендей, ЖОЖдордун жана адистиктердин тизмесин сайтынан табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий