Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов АКШ элчилигинин орун басары Соната Коултер жана Мерсиконун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен Макговерн-Доулдун программасынын алкагында 2023-жылга карата иш программасын талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Соната Култер АКШнын Айыл чарба департаментинин Макговерн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында 400дөн ашык башталгыч мектептер жана 100 китепканалар үчүн балдар китептерин тапшырды.
Уланбек Мамбетакунов билим берүү тармагына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
“Өлкө жетекчилиги балдардын жана жаштардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат, анткени алар келечек ээлери. Окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү биз үчүн маанилүү. Китеп балдардын ички дүйнөсүн, руханий маданиятын байытат. Ал эми мектептеги тамактануу программалары жаш муундун ден соолугуна кам көрүүгө салым кошот”, - деди министр.
АКШ элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Соната Култер “Америка Кошмо Штаттары бүткүл өлкө боюнча балдарды сапаттуу, билим берүүчү окуу материалдары менен камсыз кылууда Кыргыз Республикасы менен өнөктөш болгонуна сыймыктанат”, - деп белгиледи.
“Программанын дизайны тамактанууга, билим берүүгө жана келечек муунду тарбиялоого коомчулуктун катышуусуна байланыштуу социалдык нормаларды жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган”, - деп билдирди Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы программаларынын директору Нурзат Эсенгулова.
Алыскы аймактардагы балдарга 72 аталыштагы 272 миң даана балдар китептери берилет. Программанын максаттуу мектептерине жана китепканаларына кыргыз жана орус тилдеринде 546 китеп берилет. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен кыргызстандык авторлор жана сүрөтчүлөр тарабынан “Окуу Керемет” долбоорунун алкагында жасалган.
Пикир
Оставить комментарий