• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каракол жана Чолпон-Атада 18 миңден ашуун кардарга акылдуу эсептегич орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 18 миң 147 кардарга акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эсептегичтер Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликтеги долбоордун алкагында орнотулду.

Мындан тышкары, 2022-жылдын башынан бери 61 чакырым 0,4 кВ аба чубалгыларын заманбап өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга(СИП) алмаштырды.

СИП зымдарынын артыкчылыгы:

  • Табигый факторлорго туруктуулук. Катуу шамал болгондо зымдардын кыска туташууларга жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын жабышып калышына жана музга азыраак дуушар болушат.
  • Энергиянын техникалык жоготуусу азаят. Өзүн-өзү кармап турган изоляцияланган (СИП) зым изоляцияланган эмес алюминий зымга караганда 3 эсе төмөн реакцияга ээ болгондуктан электр энергиясын жоготуусу жокко эсе болот.
  • Чыдамдуулук. СИП жогорку механикалык күчкө ээ, алар, мисалы, дарак бутактары тийгенде үзүлүп калбайт. Кызмат мөөнөтү 40 жылга чейин жетет.

Долбоордун негизинде Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 360 чакырымдан ашык 0,4- кВ электр зымдары өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга (СИП-самонесущий изолированный провод) алмаштырылат жана 36 миңге жакын акылдуу электр эсептегичтери (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотулат. План боюнча долбоор толугу менен 2024 жылы ишке ашат.

Кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын ноябрь айынан тартып Ысык-Көл электр тармактар ишканасында биллинг системасы орнотулууда. Бул программа электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалымат-ченөө системасы менен электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн алууну жана төлөмдөрдү жүргүзүүнү онлайн режиминде ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий