Кыргызстан Германия менен эл аралык авиакаттамдарды ачууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын «Lufthansa» компаниясынын КМШ жана Россия боюнча департаментинин директору Рональд Шульц менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Абдылдаев биздин мамлекеттин туристтик жана транзиттик дарамети тууралуу айтып, Кыргызстандын Европа мамлекеттери менен, айрыкча Германия менен эл аралык авиакаттамдарды ачууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын авиакомпаниялары «Lufthansa» авиакомпаниясы менен кызматташууну түзүү тууралуу мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий